НОВОСТИ

      1- Сентябрь  Билим куну

КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жаңы Базистик окуу планына ылайык, 2018-2019-окуу жылы 1-сентябрдан 25-майга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Жаңы окуу жылында жумасына 5 күндүк окутуу киргизилгендигине байланыштуу республиканын бардык мектептеринде 1-сентябрда Билим күнүнө карата майрамдык линейка жана Аймактарды өнүктүрүү жылы менен Чыңгыз Айматовдун чыгармачылыгына арналган класстык сааттар өтүлөт. Иш-чаралар саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт. Окуучулар сабакка 4-сентябрда барышат.

Билим берүү министрлигинен мугалимдерге 1-сентябрда класстык саат катары тиешелүү эмгек акы төлөнөрүн тастыкташты.

 

1-октябрь Эл аралык карылар куну деп табылган. Бул кундо1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты — дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалымат берүү.

28 жылдан бери Кыргыз жеринде да бул күн кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден соолук тилеп келишет.  2018-жылдын 10 айында Кыргыз жеринде мыйзам боюнча эркектер — 63, аялдар- 58 жашынан кары болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 478,7 миң кары адамдар, жарандардын санынын 7,6 пайызын түзөт. Ал эми Социалдык фонддо каттоодо 633,9 миң пенсионер туруп, пенсиянын орточо өлчөмү 5550 сом. Бүгүнкү кундо пенсия алууга укугу жок 1576 кары жаран социалдык коргоого алынып, айына социалдык жөлөкпул алып келет.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде 17 стационардык мекеме иштеп, анда 2382 жаранга кызмат көрсөтүлүп келет. Алардын 405 кары жарандар. Ал эми 920 социалдык кызматкерлер тарабынан 7577 жалгыз жашаган карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бекер социалдык кызматтар көрсөтүлүп келет.

 

СПИД (кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) – (англ. Acquired Immunity Deficit Syndrome, AIDS) – иммундук тутумдун жок кылынышынан улам организмдин коргоо күчү солгундай турган патологиялык абал; өтө коркунучтуу жугуштуу оору – ВИЧ-инфекциянын (адамдын иммун таңсыктыгынын вирусу козгоочу дарт) акыркы чеги болуп саналат. Бул ооруга каршы күрөшүү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттердин бири. Ал 1982-жылдан бери белгилүү, дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө атайын каттоого алынат. Жуктуруучусу – вирусту алып жүргөн адам. Анын жугуусу: көбүнесе жыныстык катнаш аркылуу (айрыкча гомосексуалдык катнашта); боюндагы же төрөт учурунда энеден түйүлдүккө жана ; эмчек эмизген учурда баладан энеге; кан куйганда, ийне сайганда, ж. б. д. у. с. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында билип туруп башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жугузуу коркунучуна дуушар кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

 

Ч.Т.  Айтматовго 90 жыл

«12-декабрда бүткүл прогрессивдүү адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт.  Бул күн Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган.

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат.
Ч.Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны. Ал ааламдык ойчул экенин дүйнөгө таанытты. Айтматовдук рух дөөлөтүн жаратты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чакырат.

«Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт». Бул сөз Айтматовдун жазуучулук башкы миссиясы. Айтматов өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөрттү, биздин көз карашыбызды, дүйнө таанымыбыздын чабытын кеңейтти.

Айтматовдун көркөм адабияты көкүрөккө асылдыктын үрөнүн сээп, тазалыкка, аруулукка үндөп келет. Жазуучунун улуу көркөм мурасын терең өздөштүрүү, кеңири жайылтуу жана анын гуманисттик идеяларын окуп үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ. Айтматов — доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктайм! Бул майрам — улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы», — деп айтылат.

Чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучу, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик эмгектин баатыры жана Кыргыз Республикасынын баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы Таластагы Шекер айылында жарыкка келген. Ал 2008-жылдын 10-июнунда 80 жашка толо электе көз жумду.

Мамлекеттик тил кунуно карата ачык саат

Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 25 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Андыктан баардык мекендештеримди бүгүнкү «Улуу майрамы» менен чын дилден куттуктап кетмекчимин!
Ооба, улуу майрам деп айтууга толук негиз бар. Анткени ар бир улуттун
өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. А элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Башка элдерге сиңип жок болуп кетет. Карт тарыхта жүздөгөн элдердин башка элге сиңип, жок болуп кеткени баарыбызга мааалым. Ошонун баары алгач тилин жоготкон, андан соң дилин жоготкон, анан барып элдүүлүгүн жоготкон. Демек тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир Кыргыз атуулунун ыйык милдети!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил!
Уулуң да, кызың дагы жоголот, бил! –деп Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев

кан-какшаса, дагы бир таланттуу акын Эркаалы Өскөнаалы агайыбыз:

Жок, жок, болбойт!.. Эне Тилим өлбөсүн,
Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн.
Жакшылыгын гана арнап элиме,
Жаратканым андай күндү бербесин.-деп Жаратканга жалынып-жалбарып олтурат.