Ош соода-экономикалык колледжининде сентябрь-октябрь айында өткөрүлгөн иш чаралар.
Мугалимдердин кесиптик майрамына карата «Мугалимим билим кенчим акыл берген устатым» атту адабий — музыкалык кече уюштурулуп, дубал гезит чыгарылды. Абдыразакова Зыйнат Абдиманаповна жетектеген ЭБУ-22 тайпасынын студенттери өнөрлөрүн тартуулашып, мугалимдердин талыкпаган түйшүктүү эмгегин даңазалаган ырларды көркөм окушту.
Мындай иш чаралар окуу жайыбызда байма — бай өткөрүлүп, студенттердин ар тараптуу өнүгүшүнө жол көрсөтөт.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын ишке ашыруу алкагында окуу жайда «Малекеттик тил — улуттар аралык ынтымактын тили» аттуу адабий тематикалык кече өткөрүлдү. Мугалимдер Бердибаева Каныкей Орозовна, Нуралиева Канай Дүйшөбаевна менен биргеликте ФК-22 тайпасынын студенттери тарабынан даярдалган бул кечеде учурдагы улуттук тилибиздин абалы жөнүндө мааламыттар берилип, көркөм окуу, адабий чыгармалардан үзүндү аткаруу менен коштолду.
Мамлекетибиздин өнүгүшү, маданиятыбыздын гүлдөшү-мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө байланыштуу.
Мамлекеттик тил — өлкөнүн таянычы.

Ош Соода-экономикалык Колледжи билим берүү менен катар өз кесибине байланыштуу өткөрүлгөн иш чараларга үзгүлтүксүз катышып келет.
Октябрь айында Ош улуттук драмалык театрында окуу жайлар аралык кесипке багыт берүү жарманкеси өткөрүлдү. Биздин окуу жайдын бүтүрүүчү курстары жарманкеге катышып, ишкана, мекемелердин иштери жөнүндө кеңири маалымат алышты.
АКБ Кыргызтан бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу максатында өткөргөн тестрлөөдөн студенттерибиз Толонов Русланбек жана Назаралыев Мурат мыкты көрсөткүчкө жетишип, жумушка алынды.
Студенттерибизге ийгиликтерди каалайбыз!

#

Comments are closed

Свежие комментарии

Нет комментариев для просмотра.

Рубрики